Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXIX сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 59/1
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин статьяларындагы акча каражатын башка статьяларга жылыштыруу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111 статьясынын 3113 3390 элементиндеги 6 052,6 (алты миллион төрт жүз алтымыш миң алты жүз) сом акча каражатынын ичинен 460,0 (төрт жүз алтымыш миң) сом акча каражаты төмөндөгү статьяларга которулсун:
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215 статьясынын 2215 4900 элементине 140,0 (жүз кырк миң) сом акча каражаты кызмат көрсөтүү үчүн;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111 статьясынын 3113 1250 элементине 320,0 (үч жуз жыйырма миң) сом акча каражаты корукчуларга ат алууга;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |