Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXIX сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 59/2
Ак-Муз айыл аймагынын ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагына төмөндөгүдөй ички тартип эрежелери бекитилсин:
- Сарайга 7 саан уй, 2 ат, 10 кой алып калууга уруксаат берилсин.
- Айыл аймагында корук, бада 2021-жылдын 25-апрелинен баштап чыгып бадага субай уй алып калууга тыюу салынат.
- Мал баккандардын тарифи кой-эчки 35 сом, бодо 300 сом деп бекитилсин.
- Кочкор баккан Тепшиге же Чаар-Жонго кана багылары эскертилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б. Мамырбаевге тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |