Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXIX сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 59/5
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С. Асанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын 12-март 2021-жылдагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б. Мамырбаевге тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |