Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXIX сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 59/8
Ак-Муз айылынын “Ардактуу атуулу” наамын, “Ак-Муз айыл аймагына тиешелүү географиялык обьектилерге ат берүү” боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айылдык Кеңешинин депутаты Б. Мамырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобо бекитилсин.
2. Ак-Муз айыл аймагына тиешелүү географиялык обьектилерге (республикалык масштабдагы обьектилерден башка көчөлөр, көпүрөлөр, парктар, соцобьектилер, суулар, тоолор, аялдамалар ж.б.) ат (наам) берүү боюнча Жобо бекитилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б. Мамырбаевге тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |