Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVIII сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 58/1
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2020-жылдан калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдан калган калдык акча каражатынын киреше - чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
Жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдан калган: негизги счеттон 9 805,6 сом;
Атайын каражат: 89,4 сом;
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
1. Жайыт шаттарын жакшыртуу үчүн 196,9 сом;
2. Архивдик штраф үчүн 17,5 сом;
3. ЖӨБ союзуна мүчөлүк акы 4,5 сом;
4. Оорукананын ремонтуна Ж. Токтакунов 5,1 сом;
5. Ипподром салуу үчүн 700,0 сом;
6. Эки-Ача ФПСтин жериндеги каналдын ремонтуна 100,0;
7. Ички жолдорго турба алууга 140,0 сом;
8. Таза суу (капиталдык ремонт) 6 052,6 сом;
9. Оор жук ташуучу Хова алууга 1 464,0 сом;
10. Долбоорлодун өздүк салымга 350,2 сом;
11. Хованын кварталдык % 460,0 сом;
12. Волейбол оюнуна 50,0 сом;
13. С. Исраилов атындагы балдар бакчасыны чарбалык буюм алуу үчүн 76,0 сом;
14. Мектепке компьютер алууга 50,0 сом;
15. Бала бакчага генератор алууга 100,0 сом;
16. Маданият үйүнүн терезелерин тор менен тосууга 38,8 сом;
Жалпы 9 805,6 сом;
Атайын каражат:
1. Ата-энелерден түшкөн акча (род.взнос) 82,9 сом;
2. Швейц.грант, ПРООН 6,5 сом;
Жалпы: 89,4 сом.
2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын тузүлгөн смета расходко ылайык жургүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |