Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVIII сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 58/7
Ак-Муз айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде Ак-Муз айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү максатында, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобосу бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |