Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVIII сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 58/8
Ак-Муз айыл аймагында таштанды чогултуу үчүн тариф бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын бухгалтери С. Жумамүдүновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагында таштанды чогултууга 1 айга, 1 түтүнгө 50 (элүү) сом деп тариф бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С. Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |