Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVIII сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 58/9
Ак-Муз айыл аймагында айыл чарба техникаларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагында айыл чарба техникаларынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
1 га дың жерди айдоого 25 л. май, 800 сом; айдоо жерге 20 л. май, 800 сом;
1 га жерди тырмоого 10 л. май, 400 сом; 1 га жерди себүүгө 8 л. май, 400 сом;
1 га жерди касилка менен чабууга 10 л. май, 600 сом; 1 га чөп тырмоо 5 л. май 400 сом;
1 га жерди Ежка менен чабууга 10 л. май, 800 сом;
1 га жерди пресстетүүгө 8 л. май, 1 боо пресс 7 сом;
1 га жерди рулон менен пресстетүүгө 8 л. май, 1 рулон 100 сом, жыйнаганы 100 сом;
1 га эгин чабууга 25 л. май, 1500 сом;
1 га жерге арык тартуу Т-150 м.5 л. май, МТЗ 80-82 м. 3 л. май, эмгек акы 100 сом;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С. Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |