Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVIII сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 58/11
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт жерине там, сарай салууга жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт жерине Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасынын негизинде там, сарай салууга жер аянтынын өлчөмү 0,15 сотых деп бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С. Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |