Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVII сессиясы
2021-жылдын 12-январы № 57/1
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетин аткарылышы, 2021-жылга жергиликтүү бюджетин киреше-чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;
2. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
1) Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 7 430,5 сом;
2) Теңдештирилген грант – 10 225,3 сом.
Баардыгы: 17 655,8 (он жети миллион алты жүз элүү беш миң сегиз жүз) сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
1) Башкаруу аппаратына – 13 547,9 сом; Р-701 11
2) Китепкана 269,7 сом; Р-708 21
3) Маданият тармагына – 1 233,6 сом; Р-708 23
4) Бала бакчага – 589,9 сом; Р-709 11
5) Атайын каражат- 240,4 сом; Р- 709 11
6) Мектеп - 1 380,0 сом; Р-709 21
7) Экономикалык маселелер (жайыт комитети)- 394,3 сом; Р- 704
Баардыгы: 17 655,8 (он жети миллион алты жүз элүү беш миң сегиз жүз) сом
3. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоордун киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) 2022-жылга
- Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 7 510,5 сом;
- Теңдештирилген грант- 10 073,4 сом.
2) 2023-жылга
- Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 7 574,5 сом;
- Теңдештирилген грант- 10 307,8 сом.
4. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмдө акча каражаты түшүп, тиешелүү статияларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 10.01.2007-жылдагы № 09-229 буйругунун негизинде берилсин;
5. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде, чыгашаларды атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: Т. Жумакадыровго тапшырылсын;
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | У. Мокешов |