Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXVII сессиясы
2021-жылдын 12-январы № 57/2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Кулболдиев Ардактын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга иш планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга жалпы бюджети 394 300 сом деп бекитилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
-131 433 сом жайыттарды жакшыртууга;
-65 520 сом жайыт жер үчүн жер салыгы;
-72 000 сом төраганын айлык акысына;
-72 000 сом бухгалтердин айлык акысына;
-24 840 сом 17,25% соц.төлөмгө;
-22 307 сом ГСМ кызматтык кыдырууга;
-5 000 сом концелярдык товарга;
-1 200 сом банктын төлөм акысына;
3. 2021-жылга 1 (бир) баш бодого 50 сом, сырттан келген бодого 100 сом, 1 (бир) баш кой-эчкиги 10 сом, сырттан келген кой-эчкиге 20 сом деп бекитилсин, токой чарбанын жеринен пайдалангандар үчүн токой чарбасы менен биргеликте иштеп чыккан меморамдумдун негизинде жайыт акынын 50% алынсын.
4. Жазында туулган жаш төлдөн (козу, улак, музоо, кулун) жайыт акы алынбасын анын ордуна жыл башында санакка кирген малга карата жайыт акы толук алынсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |