Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 3-марты № 17-24/1
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2021-2022-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башкы эсепчиси Ж. Абдрашитованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХVII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы токтом кылат:
1. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы, киреше жана чыгаша бɵлүгү ɵзгɵртүү, толуктоолор менен 10049,3 миң сом, 2020-жылга бюджеттин кирешелер бɵлүгү 8429,7 миң сомго, анын ичинен теңдештирме грант 6034,7 миң сомго, жалпы салыктардын кɵлɵмү 2395,0 миң сомго, анын ичинен салыктык кирешелер 1750,0 миң сомго, жалпы салыктык эмес кирешелер 645,0 миң сомго, анын ичинен атайын каражаттар 320,0 миң сомго, чыгашалар 8429,7 миң сомго бекитилсин.
2. 2021-жылдын бюджетинин долбоору киреше жана чыгаша бɵлүгү 8433,0 миң сомго, анын ичинен теңдештирме грант 5795,0 миң сомго, жалпы салыктардын кɵлɵмү 2638,0 миң сомго, анын ичинен салыктык кирешелер 1993,0 миң сомго, жалпы салыктык эмес кирешелер 645,0 миң сомго, анын ичинен атайын каражаттар 320,0 миң сомго, чыгашалары 8433,0 миң сомго бекитилсин.
3. 2022-жылдын бюджетинин долбоору киреше жана чыгаша бɵлүгү 8573,3 миң сомго, анын ичинен теңдештирме грант 5859,3 миң сомго, жалпы салыктардын кɵлɵмү 2714,0 миң сомго, анын ичинен салыктык кирешелер 2069,0 миң сомго жалпы салыктык эмес кирешелер 645,0 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 320,0миң сомго, чыгашалары 8573,3 миң сомго бекитилсин.
4. Биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц. фонд, тамак-аш, коммуналдык чыгым жана башкаларга) каражат бɵлүнсүн.
5. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин эмгек акыга, соц. фонд тɵлɵмдɵрүнɵ, электр энергиясына, кɵмүргɵ, транспорт каражаттарына берилген чыгымдардын лимитинен чыкпай иш алып баруу айыл ɵкмɵтүнүн башкы эсепчиси Ж. Абдрашитовага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом айыл ɵкмɵтүнүн аппаратынан каттоодон ɵткɵрүлүп, www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |