Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫРМА АЛТЫНЧЫ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 10-июлу № 17-26/2
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 8-беренесине ылайык жайыт жерлерин натыйжалуу, сарамжалдуу башкаруну жана пайдалануу үчүн жайыт акынын баасын бекитүү, чабандардын мал баккандыгы үчүн төлөнүүчү акысын бекитүү, жаздоо, жайлоо, кыштоолорго көчүү-конуу убактыларын бекитүү боюнча Баш-Кууганды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Жамгырчиевдин 2019-жылдагы аткарылган иштерин жана 2020-жылда аткара турган иштери жөнүндө маалыматты угуп Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы токтом кылат:
1. Баш-Кууганды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдагы аткарылган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Баш-Кууганды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджети 275 652 сом болуп бекитилсин.
3. Мал баккандыгы үчүн бадачынын акысы кой-эчкиге 30 сом, бодо малга 300 сом болуп бекитилсин.
4. Баш-Кууганды айыл аймагынын жашоочуларына 2020-жылдын 15-апрелине чейин мал (бодо жана майда жандык) айдоо аянтына кирсе – мал ээсине эскертүү берилсин, 2020-жылдын 15-апрелинен кийин айдоо аянтына кирсе 1 баш бодо малга биринчи жолу 100 сом, майда жандыктарга 10 сом, экинчи жолу кирсе 200 сом, майда жандыктарга 20 сом айып салынсын. Эгерде тартип бузуу кайталанса мал ээси мыйзам алдында жооп берет. Малчы же жайыт пайдаланууучу өзүм билемдик менен жайыт пайдаланып же мал акысын көтөргөн малчылар үчүн 5000 (беш миң) сом айып салынсын.
5. Жаздоого 15-апрелден калбай, жайлоолорго 15-июньдан кеч эмес көчүрүлсүн. Күздөөгө 1-октябрьдан эрте көчүп келбесин. Өз убагында көчпөгөн же эрте көчүп келген малчыларга 5000 (беш миң) сом айып салынсын. Ар бир жаздоо, жайлоого көчпөгөн күн үчүн 2% туум эсептелсин.
6. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдаланып жаткан аянтарынан ар 1(бир) сотыхка 10 сомдон төлөсүн.
7. Ар бир жайыт пайдалануучу менен келишим түзүлсүн жана комиссия менен бирдикте санак жүргүзүлсүн. Малын санатпаган жайыт пайдалануучуга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
8. Малын кем санаткан жайыт пайдалануучуга ар бир кой-эчкиге 100 (жүз) сомдон, ар бир баш бодо малга 500 (беш жүз) сомдон айып салынсын.
9. Бул токтомдун аткарылышы Баш-Кууганды айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Жамгырчиев Уланга милдеттендирилсин.
10. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.gamsumo.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |