Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫРМА СЕГИЗИНЧИ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 8-февралы № 17-28/3
С.Жамгырчиев атындагы бала бакчасынын 2021-жылдын 22-январындагы кезексиз, ата-энелеринин чогулушунун №2 проколу менен бекитилген, бала-бакчага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмүнүн өлчөмүн бекитип берүү жɵнүндɵ
С.Жамгырчиев атындагы бала бакчасынын 2021-жылдын 22-январындагы кезексиз, ата-энелеринин чогулушунун №2 проколу менен таанышып жана талкуулап, бала-бакчага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмүнүн өлчөмүн бекитип берүү үчүн Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылыштагы кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы токтом кылат:
1. С.Жамгырчиев атындагы бала бакчасынын 2021-жылдын 22-январындагы кезексиз ата-энелеринин чогулушунун №2 проколу менен бекитилген, бала-бакчага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмү 1 балага, бир күнгө 22 (жыйырма эки) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтом айыл ɵкмɵтү аркылуу каттоодон ɵткɵрүлүп, www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы С.Жамгырчиев атындагы бала бакчасынын жетекчиси С. Биймурсаевага тапшырылсын.
Төрага | К. Ажыгулов |