Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2021-жылдын 6-июлу № 3/1
Жаны-Арык айыл аймагындагы жайыт жерлеринин ичинде жайгашкан чабынды жерлерди тоют топтоо максатында пайдалангандыгы үчүн жана жайыт жерлерине чыгарылган топоздор үчүн жайыт акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №101 Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын 26.01.2009-жылдагы «Жайыттар жөнүндө» №30 Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы жайыт жерлеринин ичинде жайгашкан чабынды жерлерди тоют топтоо максатында пайдалангандыгы үчүн жылына 1 га чабынды жер аянты үчүн 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө тариф бекитилсин;
2. Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт жерлерине чыгарылган жайыт пайдалануучулардын топоздору үчүн жайыт акысы 1 топоздун башы үчүн 1 жылга 100 (жүз) сом өлчөмүндө тариф бекитилсин;
3. Бекитилген тарифтер боюнча жайыт пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштери алынып барылсын жана чабынды жерлерди тоют топтоо максатында пайдалануу боюнча кайрылган жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүүдө жаңы тарифтер колдонулсун;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык жайыт комитетинин төрагасы Жайлообек уулу Чыныбекке тапшырылсын;
5. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрайым | М. Акматалиева |