Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2021-жылдын 6-июлу № 3/3
Кызарт, Базар-Турук жана Кызыл-Эмгек айылдарынын айыл башчыларынын 6 айда аткарган иштерине баа берүү жана тапшырмаларды берүү жөнүндө
Кызарт, Базар-Турук жана Кызыл-Эмгек айылдарынын айыл башчыларынын 6 айда аткарган иштерин угуп жана мындан аркы аткаруучу иштери боюнча тапшырмаларды берүү жөнүндө айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Кызарт, Базар-Турук жана Кызыл-Эмгек айылдарынын айыл башчыларынын (Н.Тажиев, А.Бейшекеев жана Дайырбек уулу Сүйүнбек) 6 айда аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын;
Айыл башчыларга төмөндөгүдөй иштерди алып баруу жагы тапшырылсын:
- айыл тургундары менен дайыма тыгыз иш алып баруу;
- көйгөйлүү маселелер жаралса жеринде айыл тургундары менен уюшкандыкта чечүүгө жетишүү. Эгерде тиешелүү мекемелерге, кызмат адамына кайрылууга туура келсе, өз убагында көйгөйлөрдү жеткирүү;
- сугат суулары каналдарга төкмө жолу менен кезектешип пайдаланылып жаткандыктан, өздөрүнө берилген мөөнөттүн ичинде сугат сууларын рационалдуу пайдаланып калууга жетишүү, кара сугаттардын жүргүзүлүшүн жана бүтүшүн толук көзөмөлдөө;
- график менен сугат суусун пайдаланууда маселелер келип чыкса, графикти кайра карап, күндөрдү кыскартуу же кошумча кошууну сүйлөшүү жолу менен чечүү;
- тоют жыйноо боюнча тиешелүү жумуштарды алып баруу;
- Жаны-Арык айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын XIII-кезектеги сессиясынын 06.04.2021-жылдагы №35/1 токтому менен бекитилген айыл-чарба техникаларынын элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифтеринин сакталышы боюнча иштерди жүргүзүү;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго тапшырылсын;
Төрайым | М. Акматалиева |