Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2021-жылдын 6-июлу № 3/5
Жаны-Арык айыл аймагындагы А.Кожомкулова атындагы төрөт үйүнүн имаратына Кожомкулова Аманаттын мемориалдык тактасын илүү жөнүндө
Кожомкулова Аманат 1943-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1950-жылы орто мектепке кирип, 1960-жылы окууну аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институтуна тапшырып, 1966-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун Жумгал районунун Чаек айылындагы ооруканада балдар дарыгери болуп баштаган. 1967-жылы «Кызарт» совхозундагы төрөт үйүнө акушер-гинеколог болуп которулуп, 2017-жылга чейин ийгиликтүү эмгектенген. 50 жыл ичинде көптөгөн энелерди төрөтүп, жарык дүйнөгө келген наристелерге киндик эне болду.
Өзүнүн үзүрлүү эмгегинде көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. 1995-жылы «Манас» эпосуна 1000 жыл медалы менен, 2001-жылы «Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгиси жана 2015-жылы «Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы» медалы менен сыйланган
Коомдук саясий турмушка да активдүү катышып, 1971-жылы элдин колдоосуна ээ болуп Нарын облустук советине депутат болуп шайланган. 1990-жылы Жумгал райондук советине депутат жана бир нече жолу айылдык советтин депутаты болуп шайланган.
А.Кожомкулова өзүнүн үзүрлүү эмгеги менен элдин эсинде калды. Жалпы эле Жумгал районунун аймагында кадырлуу инсан эле. 2015-жылы көп жылдык эмгегин баалап, өзү көп жыл иштеген төрөт үйүнө А.Кожомкулованын наамы ыйгарылган.
Жогорудагыларды эске алып, А.Кожомкулова атындагы төрөт үйүнүн жалпы эмгек жамаатынын кайрылуусун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы А.Кожомкулова атындагы төрөт үйүнүн имаратына Кожомкулова Аманаттын мемориалдык тактасы илинсин;
2. Мемориалдык тактаны жасатуу жана имаратка илүү жагы А.Кожомкулованын балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго тапшырылсын.
Төрайым | М. Акматалиева |