Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2021-жылдын 6-июлу № 3/6
Сары-Талаа каналынын Базар-Турук жана Кызыл-Эмгек айылдарын аралап өткөн бөлүгүндөгү тургундар тарабынан каналдын жээгине чейин тосуп алынган тосмолорун кайра алдырып, сугат суусун сүрүү үчүн жол ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №101 Мыйзамын жетекчиликке алып жана Кызыл-Эмгек айылынын айыл башчысынын кайрылуусун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Сары-Талаа каналынын Базар-Турук жана Кызыл-Эмгек айылдарын аралап өткөн бөлүгүндөгү тургундар тарабынан каналдын жээгине чейин тосуп алынган тосмолорун кайра алдырып, сугат суусун сүрүү үчүн жол ачылсын;
2. Бул жумуш боюнча айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлеринен, айылдык кенештин депутаттарынан жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлсүн жана жол ачуу боюнча айылдын тургундарына түшүндүрүү жана маалымдоо иштери алынып барылсын. Эгерде зарылчылык болсо Жумгал районундагы тиешелүү мекемелерден да өкүлдөр кошулсун;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго тапшырылсын.
Төрайым | М. Акматалиева |