Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
2021-жылдын 6-апрели № 35/3
Жаны-Арык айыл аймагындагы ички жайыттарга топоздорду жаюуга тыюу салуу жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасынын кайрылуусун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы топоз баккан тургундардын топоздорун “Бордунун” белинен бери жайгашкан ички жайыттарга жайы-кышы алып келип жаюуга тыюу салынсын;
2. Бул боюнча топоздору бар тургундарга түшүндүрүү жана маалымдоо иштери алынып барылсын;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы А.Түгѳлбековго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |