Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXII кезектеги сессиясы
2021-жылдын 15-марты № 34/1
Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдагы кирешеден ашкан сумманы карап, чыгымдарын аныктоо жѳнүндѳ
“Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун эске алып жана айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Акшарованын маалыматын, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 1-январь 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгашасынан ашкан 2410327 сом 18 тыйын тѳмѳндѳгүдѳй чыгымдарга бѳлүнсүн:
Билим берүүгѳ:
2212 – статьясы боюнча – 3 мектептин интернет байланышы үчүн - 45,0 мин сом
2222-статьясы боюнча – Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебинин имаратына сырткы каалга алууга – 12,0 мин сом.
Баары: 57,0 мин сом
“Кызарт Тан нуру” бала бакчасына:
2224 – статьясы боюнча – кѳмүр алууга – 20,0 мин сом
2231 – статьясы боюнча – электр энергия үчүн – 10,0 мин сом
2218-статьясы боюнча – тамак ашы үчүн – 30,0 мин сом
Баары: 60,0 мин сом
АУПка:
2215 – статьясы боюнча – Ар кандай долбоорлорго смета түздүрүү үчүн – 70,0 мин сом
2215 – статьясы боюнча – Түнкү шам чырактарды ишке киргизүүгѳ трансформатор коюуга жана кошумча электр чубалгылары үчүн стольбаларды орнотууга – 100,0 мин сом
2222 - статьясы боюнча – Купкага мал камоочу короо салууга курулуш материалдарын жана суу алып келүү үчүн шланг алуу үчүн – 50,0 мин сом
2215 – статьясы боюнча – Ѳзгѳчѳ кырдаалдарды алдын алуу үчүн – 43327 сом 18 тыйын
2215 – статьясы боюнча – Спорттук турнирлерди ѳткѳрүүгѳ – 100,0 мин сом
2215 – статьясы боюнча – Муниципалдык менчиктеги объектилерге документ алууга – 80,0 мин сом
2215 – статьясы боюнча- Сары-Талаа каналын атайын техника менен тазалатууга – 50,0 мин сом
2215 – статьясы боюнча – Кѳк-Жар, Шыбак каналдарына сооружение коюуга – 120,0 мин сом
2215 – статьясы боюнча – Жаны-Арык каналына сооружение орнотууга – 50,0 мин сом
2231-статьясы боюнча – Электр энергиясы үчүн – 30,0 мин сом
2215- статься боюнча - “Кѳк-Бѳрү” командасынын чыгымдарына – 50,0 мин сом
2215- статьясы боюнча – жашылдандырууга – 50,0 мин сом
3112-статься боюнча – Комбайн алуу боюнча сунушталган долбоордун ѳздүк салымы үчүн – 1500,0 мин сом
Баары: 2293327 сом 18 тыйын
Жалпысы: 2410327 сом 18 тыйын
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго жүктѳлсүн.
Төрага | К. Саралаев |