Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII кезектеги сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 33/3
«Кызарт» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына С.Жусупованын наамын ыйгаруу жөнүндө
Жусупова Сабыркүл 1958-жылы туулган. 1975-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтунун «Педиатриялык» факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1982-жылы Нарын облустук ооруканасында дарыгер болуп иштөөдөн баштаган. 1984-жылдан тартып Жумгал районундагы, Жаны-Арык айылындагы ооруканада дарыгер педиатр болуп которулуп, 2003-жылга чейин эмгектенген. 2003-жылдан бери азыркы учурга чейин «Кызарт» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачы болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат.
Өзүнүн көп жылдык үзүрлүү эмгегинде Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын акиминин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Ардак грамоталары» менен сыйланган. 2011-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Ардактуу кызматкери», 2018-жылы Нарын облусунун «Ардактуу айымы» наамдарын жана Даанышмандар жана жигердүүлөрдү колдоо бирикмелеринин ассоциациясынын юридикалык жактардын бирикмесинин «Мыкты дарыгер» төш белгиси менен сыйланган.
Жогорудагыларды эске алып, Жаны-Арык айылдык Кенешинин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагында жайгашка «Кызарт» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачы Жусупова Сабыркүлдүн аты берилсин жана мындан ары Жусупова Сабыркүл атындагы «Кызарт» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты болуп аталсын;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | К. Саралаев |