Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII кезектеги сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 33/2
Жаны-Арык айыл аймагындагы «Кызарт», «Кызарт-келечеги» жана «Кызарт Таң нуру» бала бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын тамактануусу үчүн ай сайын төлөнүүчү ата-энелер взносун көтөрүү боюнча өткөрүлгөн ата-энелер жыйынынын токтомдорун бекитүү жөнүндө
Жаны-Арык айыл аймагындагы «Кызарт», «Кызарт-келечеги» жана «Кызарт Таң нуру» бала бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын тамактануусу үчүн ай сайын төлөнүүчү ата-энелер взносун көтөрүү боюнча өткөрүлгөн ата-энелер жыйынынын токтомдорун бекитүү жөнүндө, Жаны-Арык айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Бала бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын бир күндүк тамактануусу үчүн төлөнүүчү ата-энелер взносун көтөрүү боюнча өткөрүлгөн «Кызарт» бала бакчасынын ата-энелер чогулушунун 18.01.2021-жылдагы №5 протоколу, «Кызарт-келечеги» бала бакчасынын ата-энелер чогулушунун 20.01.2021-жылдагы №5 Токтому жана «Кызарт Таң нуру» бала бакчасынын ата-энелер чогулушунун 20.01.2021-жылдагы №1 Токтому бекитилсин (тиркеме тиркелет);
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |