Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXI кезектеги сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры № 31/1
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн имаратына Т.Султанкадыровдун мемориалдык тактасын илүү жөнүндө
Султанкадыров Токтомат 1951-жылы 22-октябрда Жаны-Арык айылында туулган. 1961-жылы «Кызарт» орто мектебине 1-класска кирип, 1970-жылы мектепти бүтүргөн. Ушул эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин «Экономика» факультетине кирип, 1974-жылы «Айыл-чарбасынын бухгалтери» адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1974-жылы «Кызарт» совхозуна хозрасчеттук бухгалтер болуп иштөө менен баштап, андан кийин ушул эле совхоздо расчеттук бухгалтер, материалдык бухгалтер, башкы бухгалтердин орун басары болуп 1981-жылга чейин эмгектенген. 1981-жылдан, 1994-жылга чейин «Кызарт» совхозунун башкы бухгалтери болуп иштеген.
1994-жылы «Кызарт» совхозу дыйкан чарбага тарап, Жаны-Арык айыл өкмөтү уюшулгандыктан айыл өкмөтүнүн бюджет боюнча бухгалтери, 2000-жылы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери, ал эми 2002-жылдын 1-январынан баштап финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы болуп өмүрүнүн аягына чейин эмгектенип келди.
Өзүнүн үзүрлүү эмгегинде көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы сиӊирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасыныны муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган. 2017-жылы Жумгал районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.
Т.Султанкадыров айыл өкмөтүнүн өнүгүшүндө өзүнүн үзүрлүү эмгеги менен элдин эсинде калды. Бир гана айыл аймагында эмес, жалпы эле Жумгал районунун аймагында кадырлуу инсан эле.
Жогорудагыларды эске алып, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн имаратына, айыл өкмөтүндө көп жылдан бери үзүрлүү эмгек кылган Султанкадыров Токтоматтын мемориалдык тактасы илинсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго тапшырылсын.
Төрага | К. Саралаев |