Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
2021-жылдын 20-ноябры № 32/1
Жаны-Арык айыл аймагындагы калк ичүүчү таза суунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, күнү-түнү сууну азгызып койгондорго эскертүүлөрдү берүү жөнүндө
Айыл аймагындагы калк ичүүчү таза суунун элге жеткиликтүүлүгү начар болуп көйгөйлүү маселе болгондуктан айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүп, айыл аймагындагы суу пайдалануучуларды кыдырып, күнү-түнү агызып койгондорго оозеки эскертүүлөр берүү, эгерде өзүм билемдик менен дагы агызып койсо, эскертүүлөргө баш бербесе, КР Бузуулар кодексинин негизинде айып пулдар салуу боюнча депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы калк ичүүчү таза суунун элге жеткиликтүүлүгү начар болуп көйгөйлүү маселе болуп жаткандыктан, айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлсүн жана айыл аймагындагы суу пайдалануучуларды кыдырып, күнү-түнү агызып койгондорго оозеки эскертүүлөр берилсин;
2. Эгерде эскертүү берилгенден кийин да өзүм билемдик менен дагы сууну агызып койсо, эскертүүлөргө баш бербесе, КР Бузуулар кодексинин негизинде айып пулдар салынсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго, «Кызарт-Эл булагы» ИСКАКБ сынын башчысы А.Сатаровага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |