Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
2021-жылдын 20-ноябры № 32/2
Айыл аймагындагы «Апенди» участкасындагы Кызарт сайынын жээгиндеги ички жайыт катары колдонулуп келген жерлерди, айыл тургундары айдоо аянттарына кошуп айдап жаткандыгы жөнүндө
1. Айыл аймагынын «Апенди» участкасындагы Кызарт сайынын жээгиндеги ички жайыт болуп эсептелген жерлерди, өз үлүш жерлерине кошоп чоюп айдап алышкан жарандардын жерлери ченелип, өздөрүнө тиешелүү болгон жерлерине чектер коюлсун жана мындан ары чоюп албоо боюнча уруксат берилбестиги эскертилип, жерлеринин жээгине шак тарттырылсын;
2. Айыл аймагы боюнча да ички жайыттарды мыйзамсыз ээлеп алууга мындан ары жол берилбесин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго жана жайыт комитетинин төрагасы А.Түгөлбековго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |