Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
2021-жылдын 20-ноябры № 32/3
Кызарт айылынын үстүндөгү мурдагы кормоцехтин урандыларынын ордун муниципалдык жер катары айыл өкмөтүнүн балансасына алып, ат майдан уюштуруу жөнүндө
1. Кызарт айылынын үстүндөгү мурдагы кормоцехтин урандыларынын орду тегизделип, ат майдан катары колдонулуп келе жатат. Бул жер аянтына толугу менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык жери катары мамлекетик акт алынып, ат майдан болуп уюштурулсун;
2. Бул жер аянтынын жээгине көк бөрү оюнуна түшүүчү аттарды кармоочу сарай салууга уруксат берилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |