Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы
2021-жылдын 20-ноябры № 32/5
Жаны-Арык айыл аймагындагы клубдун күн чыгыш тарабындагы паркка Уларов Сарыгулдун атын берүү жөнүндө
Жаны-Арык айыл аймагындагы клубдун күн чыгыш тарабында жайгашкан паркка «Кызарт» совхозу учурунда чарбалык иштерде эмгектенген Уларов Сарыгулдун атын ыйгаруу жөнүндө Жаны-Арык айылынын тургуну Сарыгулов Жээнбектин кайрылуусун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы клубдун күн чыгыш тарабындагы жайгашкан паркка, «Кызарт» совхозу учурунда чарбалык иштерде эмгектенген Уларов Сарыгулдун аты ыйгарылсын жана аталышы Уларов Сарыгул атындагы паркы болуп аталсын;
2. Парктын кире беришине арка жана айкелин коюуга уруксат берилсин жана өзү кайрылуусунда белгилеген аллея, балдар аянтчасын куруу, жарыктандыруу, эс алуучу отургучтарды коюу жана жашылдандыруу, парктын айланасын тосуу милдети Ж.Сарыгуловго тапшырылсын;
3. Бул иштерди аткарууда айыл өкмөтүнүн башчысы менен Ж.Сарыгуловдун ортосунда эки тараптуу келишим түзүлсүн жана ал келишимде бардык милдеттери жана мөөнөттөрү так көрсөтүлсүн. Эгерде алган милдеттемелерин толук аткарбаса, токтомду кайтарып алуу жагы белгиленсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |