Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 10-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 30-апрели № 1
2021-жыл үчүн мал башына чыккан тарифти бекитүү жана көчүү конуу графиги жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жыл үчүн мал башына чыккан тарифин жана көчүү конуу графигин бекитип берүү максатында айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жыл үчүн Казыбек,Жаңы-Күч айылдарында сырткы жана ички жайыттарга көчүү,конуусу боюнча төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:
1) 2021-жылдын 20-апрелинде ички жайыттарга жаздоого, ал эми алыскы жайыттарга 20-майдан калбай көчүүсү жана 1-октябрдан баштап кыштоого келүүсү бекитилсин;
2.) Алыскы жайытка кетүүчү малдар (жылкы,кой,топоз), ички жайытка калуучу уйлар Шырыкты жайлоосунда Аюу-Төр жана Туюк-Төр коктусуна багылсын;
- Баш-Келтебик коктусундагы Жол-Бел жана Орток аймагына, Чет-Келтебик коктусунда Аш-Айрык жана Капка аймагына багылсын. Орто-Келтебик өрөөнүндөгү секиден өйдөкү аймакка багылсын;
- Башка жактан келген бодо малдардын ички жайыттарга багылуусуна тыюу салынсын;
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жыл үчүн «Казыбек, Жаңы-Күч» айылдарында мал башына төлөнүүчү акы жана жайыт акысы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
- Бодо мал -200 сом ички жайытка,алыскы жайытка 300 сом;
- кой-эчки- 45 сом жайлоого, 50 сом кыштоого;
- жайыт акысын төлөө малчынын жайыт пайдалануучу (малчы) эсебинен төлөнсүн;
- жайыт акысы, чоң бодо малга – 45 сом, жаш бодо малга -31 сом;
- кой-эчки- 9 сом;
- сырттан келген кой-эчкиге- 20 сом
3.Бул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Казыбековго милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |