Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 10-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 30-апрели № 2
«Торугарт» участкасындагы жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ат-Башы районундагы Казыбек айыл аймагынын Ак-Сай өрөөнүндөгү «Торугарт» участкасындагы №12 контурунда жайгашкан 0.80 га жер аянтын Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясынын №1 чечими менен,Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын түшүндүрмө катынын негизинде, Кадастр мамлекеттик мекемесинин катындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоого) тартиби жөнүндө» убактылуу жобосунун 13-пунктуна ылайык түзүлгөн көктөмөнү карап жана талкуулап, Казыбек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу «Торугарт» участкасындагы которууга (трансформациялоого) сунушталган 0.80 га жер аянты жайыт жерлер түрүнөн өнөр жайынын,транспорттун,байланыштын ,энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , www.Kazybek.org.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин жана жеңил курулуш иши 2021-жылдын 1-декабрына чейин бүткөрүлсүн , бүтпөсө кайра алынсын.
Төрага | Д. Кайыпов |