Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 10-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 30-апрели № 3
Казыбек ,Жаңы-Күч муниципалдык ишканасынын 2021-жыл үчүн элге кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө
Казыбек Жаңы-Күч муниципалдык ишканасынын директору Кубатакун уулу Ниязбектин 2021-жыл үчүн элге кызмат көрсөтүү боюнча техникаларынын тарифин элдик жыйында каралган тарифтери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Казыбек айылдык кеңеши токтом кылат:
Казыбек Жаңы-Күч муниципалдык ишканасынын директору Кубатакун уулу Ниязбектин билдирүүсүнүн негизинде 2021-жыл үчүн элге кызмат көрсөтүү боюнча техникаларынын тарифи төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:
1.Жер айдоо,дың жер-1га-1000 сом майы 25 литр;
- Аңыз жер 1га-900 сом 20 литр;
- Огород айдоо,тырмоо,себүү-1сотых-15 сом 500гр май; 20 сотыхка чейин;
- 20 сотыхтан өйдө-300гр май
- Тырмоо-1 га-450 сом 10 литр;
- Себүү-1га-500 сом 8 литр;
- Арык тартуу -1м-1 сом майы ичинде;
- Чөп пресстөө-1 даана-7 сом,1 га-10 литр;
- Дан чабуу (комбайн) -1га-1700 сом 20 литр;
- Огород 1-сотых-35 сом;
- Суу киргизүү,казуу-1 метр -200 сом,2,20 дан -3,20 га чейин тереңдикте -250 сом;
- Туалет казуу-1яма-500 сом,1кубу;
- Септик казуу-1 яма -1000 сом;
- Шагыл ,күл,топурак жүктөө -3 тонна ГАЗ-53 ге-200 сом, - КАМАЗ га-600 сом;
- КАМАЗ- 1 рейс кык-1000 сом,майын өзү куят;
- Арык казуу -5 метр-200 сом, майы ичинде
2. Ар бир кызмат пайдалануучу жери 5 километрден ашкан алыстыкта болсо техникаларга кызмат көрсөтүүдөн сырткары, ашык 5 литрден май куюп беришсин.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Кайыпов |