Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 16-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 1
«Сибир жарасы» чыккан жердин тегерегин тосуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүндө 07.05.2021-ж №40 буйругунун негизинде «Сибир жарасына »карантин жарыялангандыгына байланыштуу, «Баргыбай» участогунда Сибир жарасына шектүү деп табылган мал союлган жердин тегерегин тосуу жана ветеринардык адистерге тиешелүү кийимдерди, дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ветеринардык кызматкерлерге кооптуу вирус (Сибир жарасы) менен иш алып жаткандыктан тиешелүү кийимдери,медициналык-ветеринардык дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн жана Баргыбай участогундагы «Сибир жарасы» чыккан мал союлган жердин тегеретесин тосуу үчүн цемент, арматура ж.б каражаттарды алуу үчүн бюджеттен мурда каралган «Көчөлөргө шагыл төгүү үчүн» деген акча каражатынан 200000(эки жүз миң) сому жылдырылып бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тендерге жарыялоо жана тиешелүү жеңген фирмага которуп берүү жагы ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |