Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 16-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 2
Казыбек айылындагы ичүүчү таза суусунун системасын оңдоо, түтүктөрдү кошумча орнотуу жөнүндө
Казыбек айылынын башындагы ичүүчү таза суунун системасын эки система кылып бөлүү үчүн 300метр казылып, 90см пластикалык түтүктү кошумча орнотуу жана 3 кудукка 3 цемент түтүк салуу,өлчөмү 120см чоргоо коюу үчүн, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен мурда каралган «Көчөлөргө шагыл төгүү» боюнча акча каражатынан 437400 (төрт жүз отуз жети миң төрт жүз) сомду айылдын башындагы ичүүчү таза суу системасын эки система кылып кошумча түтүк орнотуу үчүн, акча каражаты жылдырылып бөлүнүп берилсин.
2. «Орто-Келтебик» ИСКАКБнын төрагасы Д.Кудайбергеновго ичүүчү таза суунун системасын эки система кылып иштетүү үчүн деффект актысын жана сметасын түздүрүп келүү жагы тапшырылсын.
3. Бөлүнгөн акча каражатын тендерге жарыялоо жана тиешелүү жеңген фирмага которуп берүү жагы ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |