Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 1
Казыбек айыл өкмөтүнүн 2020- жылдын бюджетинин аткарылышын талкуулап жана 2021- жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
2020-жылга Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Керималиеванын отчетунун негизинде, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 2020-жылга Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Керималиеванын отчетунун негизинде ФЭБ башчысы Э.Керималиеванын иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Казыбек айыл өкмөтүнүн кирешелер бөлүгү 2021-жылга жергиликтүү бюджетке түшө турган гранттардын эсебинен төмөндөгүдөй бекитилсин:
Кирешелер боюнча:
Жергиликтүү кирешелерден түшүүчү салык 5 327,300 сом
Теңдештирилген грант 5 984,600 сом
Бардыгы: 11 311,900 сом
Чыгашалар боюнча:
1. Башкаруу аппаратына 6 775,400 сом
2. Билим берүү 1 805,000 сом
3. Маданият 731,200 сом
4. Китепканалар 399,200 сом
5. Экономикалык маселелер (жайыт) 400,000 сом
6. Бала бакчалар 666,400 сом
7. Атайын каражат 534,700 сом
Бардыгы : 11 311,900 сом
3. 2021-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча киреше бөлүгү 11 311,900 сомго, чыгашалар бөлүгү 11 311,900 сомго бекитилсин. Бюджетте көрсөтүлгөн акча каражаттар тиешелүү статьялар, элементтер боюнча жумшалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Кайыпов |