Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 4
Аалиева Ырысбүбүнүн дарыканасына ижарага бөлмө берүү жөнүндө
Казыбек айылынын тургуну жеке ишкер Аалиева Ырысбүбү айыл элин дары менен камсыз кылуу үчүн, дарыканага ҮДТнун имаратынын 1(бир) бөлмөсүн ижарага убактылуу пайдаланып туруу үчүн, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жеке ишкер Аалиева Ырысбүбү айыл элин дары менен камсыз кылуу үчүн, дарыканага ҮДТнун имаратынын 1 (бир) бөлмөсүн ижарага убактылуу пайдаланып туруу үчүн берилсин.
2. Дарыкананын ижара акысы айына 1000 (миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |