Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 5
Афган коогалаңынын катышуучуларына медаль жасатуу жөнүндө
Казыбек, Жаңы-Күч айылдарындагы Афган коогалаңынын катышуучуларына 7(жети) жаранга медаль жасатуу үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек, Жаңы-Күч айылдарынын Афган коогалаңынын катышуучуларына 7(жети) жаранга медаль жасатуу үчүн, 14000 (он төрт миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын тиешелүү жерге которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы ФЭБ башчысы Э. Керималиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |