Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 6
Хоккей оюнчуларына атайын форма алып берүү жөнүндө
Казыбек айылынын Хоккей командасынын капитаны Максүт уулу Жеңишбектин кайрылуусунун негизинде, Казыбек айылынын 18 жаштан жогору хоккей оюнчуларына атайын форма алып берүү үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылынын 18 жаштан жогору хоккей оюнчуларына атайын форма алып берүү үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 75000 (жетимиш беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Хоккей оюнчуларынын формаларынын сметасын түзүп берүү жагы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
3. Акча каражатын которуп берүү жана тендерге жарыяоо жагы ФЭБ башчысы Э. Керималиевага милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |