Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 7
Таштанды төгүүчү жайдын айланасын тосуу жөнүндө
Казыбек айылынын «Тазалык» ишканасынын директору Үсөнбек уулу Тынчтыкбектин таштанды төгүүчү жайдын айланасын тосуу боюнча кайрылуусунун негизинде, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Таштанды төгүүчү жайдын айланасын тосуу үчүн 150000 (жүз элүү миң) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Тазалык ишканасынын директору Үсөнбек уулу Тынчтыкбекке таштанды төгүүчү жайдын деффект актысын жана сметасын түздүрүп келүү жагы тапшырылсын.
3. Таштанды төгүүчү жайдын тегерегин тосуу үчүн каралган акча каражатын тиешелүү фирмага которуп жана тендерге жарыялоо жагы ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |