Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 8
Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын алмаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-апрель 2020-жылдагы № 244 менен бекитилген буйругунун негизинде түзүлгөн алгоритминдеги талап кылган санитардык каражаттарды камсыздоо жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди аткаруу үчүн, Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын алмаштырууга, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын алмаштыруу үчүн 296046(эки жүз токсон алты миң кырк алты) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Техникалык мүнөздөмөсүн жана деффект актысын,сметасын түздүрүп тендерге жарыялоого документтерин даярдап берүү жагы Н.Үсөналиев орто мектебинин директору А.Эшмамбетовго милдеттендирилсин.
3. Мектептин жылуулук системасын которууга бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңүүчү фирмага которуп жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |