Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 9
Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектептин ичүүчү таза суусуна фильтрлеген жабдык алуу жөнүндө
Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектебине санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык көрсөтмөсүнө ылайык, ичүүчү таза суу фильтрленген болуусу шарт экендигине байланыштуу сууну фильтрлөө жабдыгын, ошондой эле ичүүчү блок, дезинфекциялоо килемче жана дене табын ченөөчү термометрлерди алуу үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектебине санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык көрсөтмөсүнө ылайык, ичүүчү таза суу фильтрленген болуусу шарт экендигине байланыштуу сууну фильтрлөө жабдыгын, ошондой эле ичүүчү блок, дезинфекциялоо килемче жана дене табын ченөөчү термометрлерди алуу үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 21728 (жыйырма бир миң жети жүз жыйырма сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектептин директору Артелбек кызы Мээримге керектүү жабдыктардын сметасын түздүрүп келүү жагы тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү уткан фирмага которуу жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |