Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 10
Айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн тактап, ченөө үчүн карта чийдирүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин картасын Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы филиалына чийдирүү жана тизмелерин алуу үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каржатын бөлдүрүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин картасын Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы филиалына чийдирүү жана тизмелерин алуу үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Картага бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү мекемеге которуп,тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |