Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 11
Жаңы-Күч айылына ар кандай керектөөлөргө генератор алуу жөнүндө
Жаңы-Күч айылында ар кандай иш чараларды өткөрүү үчүн жана талаа иштеринде, ошондой эле ар кандай шайлоолорду жана референдум өткөрүү учурунда, электр энергиясы өчкөндө генератор алуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жаңы-Күч айылында ар кандай иш чараларды өткөрүү үчүн жана талаа иштеринде, ошондой эле ар кандай шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү учурунда, электр энергиясы өчкөндө генератор алуу максатында 30000(отуз миң) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Жаңы-Күч айылынын айыл башчысы Жолдошбек уулу Уланга сметасын түзүп келүү жагы тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү уткан фирмага которуу жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |