Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 13
Казыбек айылындагы «Бусурманкул» атындагы паркты капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Казыбек айылындагы «Бусурманкул» атындагы Улуу Ата Мекендик согуштан курман болгон жоокерлерине арналып курулган парктын айланасын капиталдык ремонттоо максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылындагы «Бусурманкул» атындагы Улуу Ата Мекендик согуштан курман болгон жоокерлерине арналып курулган парктын айланасын капиталдык ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1851182-00 (бир миллион сегиз жүз элүү бир миң бир жүз сексен эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. «Б.Томотоев» атындагы маданият үйүнүн башчысы А.Томотоевге паркка керектүү жабдыктардын техникалык мүнөздөмөсүн жана техникалык проектисин,түзүп келүү жагы тапшырылсын.
3. «Бусурманкул» паркына бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңген фирмага которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |