Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 14
Казыбек айыл аймагына «Беккари» чуңкурун жана ветеринардык комплекс салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 1-бөлүмчөсүнө жана 32-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө ылайык, Казыбек айыл аймагына «Беккари» чуңкурун жана ветеринардык комплекс салуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 1-бөлүмчөсүнө жана 32-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө ылайык, Казыбек айыл аймагына «Беккари» чуңкурун салууга 600000 сом жана ветеринардык комплекс салуу үчүн 1400000 сом ,жалпысы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2000000 (эки миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы жана ветеринардык маселе боюнча башкы адис К.Болотакуновго Беккари чуңкурун жана ветеринардык комплекстин техникалык проектисин түздүрүп жана дефект актысын ,сметасын алып келүү жагы жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнөн Беккари чуңкурларына бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү уткан фирмага которуп жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |