Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 15
Ы.Кадыров атындагы №18 Жаңы-Күч китепканасына үч фазалуу электр энергиясын киргизүүгө уруксат алуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн «Ы.Кадыров» атындагы №18 Жаңы-Күч айылындагы китепканасына үч фазалуу электр энергиясын киргизүүгө уруксат алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каржатын бөлдүрүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жаңы-Күч айылындагы «Ы.Кадыров» атындагы №18 Жаңы-Күч айылындагы китепканасына үч фазалуу электр энергиясын киргизүүгө уруксат алуу үчүн техникалык шартына 6100 (алты миң бир жуз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңген фирмага которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |