Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 18
Жаңы -Күч айылынын жарандарына айылдын «Ардактуу атуулдугун» берүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Күч айылында 08.02.2021-жылы өтүлгөн жалпы жыйындын Протоколунун негизинде айылдын жарандарына айылдын «Ардактуу атуулдугун» берүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Күч айылынын кулуну, Бишкек шаарынын тургуну КТРнын таланттуу журналисти, алып баруучусу, кабарчысы Абдыраев Сталбекке, Жаңы-Күч айылында көп жылдар айыл башчы жана элге эмгектери сиңген Нурмамбетов Төрөбекке, айылдын жараны элге кызмат кылгандыгы, таажывирус учурунда демөөрчү болгондуктары үчүн Абакиров Жаныбекке жана Баратакунов Бакытбекке Жаңы-Күч айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы жана төш белгилерин, күбөлүктөрүн жасатып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |