Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 19
Өрт коопсуздугунун алдын алуу жана даярдык көрүү үчүн өрт өчүргүчтөрдү алуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекемелердин өрт коопсуздугунун алдын алуу жана даярдык көрүү үчүн ОП 5(3)-АВСЕ-01 ОУ-5 өрт өчүргүчтөрүн алуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекемелердин өрт коопсуздугунун алдын алуу жана даярдык көрүү үчүн ОП 5(3)-АВСЕ-01 ОУ-5 өрт өчүргүчтөрүн алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңүүчү фирмага которуп жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |