Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 20
Кара-Коюн, Чет-Келтебик сууларынын нугун буруу үчүн дамбы куруу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Коюн,Чет-Келтебик сайларынын сууларынын нугун бурууга дамбы куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Кара-Коюн,Чет-Келтебик сайларынын сууларынын нугун бурууга дамбы куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2 Айыл өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Т.Жакыповго деффект актысын жана сметасын түздүрүп тендерге жарыялоого документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңүүчү фирмага которуп жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |