Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 23
Казыбек айыл аймагындагы социалдык обьектилерди камсыздандырууга акча бөлдүрүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагындагы 9(тогуз) социалдык обьектилердин, айыл өкмөтүнүн имаратын, Н.Үсөналиев, Ж.Кайыпов атындагы орто мектептеринин, Э.Оморов атындагы ҮДТ имаратын, «Казыбек-Жеткинчек», «Жаңыкүч-Айданек» балдар бакчасынын имаратын, Б.Томотоев атындагы маданият үйүнүн имаратын, Казыбек айылындагы байланыш бөлүмүнүн имаратын камсыздандыруу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл аймагындагы 9(тогуз) социалдык обьектилердин, айыл өкмөтүнүн имаратын, Н.Үсөналиев, Ж.Кайыпов атындагы орто мектептеринин, Э.Оморов атындагы ҮДТ имаратын, «Казыбек-Жеткинчек», «Жаңыкүч-Айданек» балдар бакчасынын имаратын, Б.Томотоев атындагы маданият үйүнүн имаратын, Казыбек айылындагы байланыш бөлүмүнүн имаратын камсыздандыруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 45000(кырк беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуу жагы ФЭБ башчысы Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |