Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 24
Казыбек айылындагы көчөлөргө коюлган түнкү чырактарды жаңыртуу жөнүндө
Казыбек айылындагы көчөлөргө коюлган түнкү чырактарды жаңыртуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылындагы көчөлөргө коюлган түнкү чырактарды жаңыртуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100000(жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн турак - жай боюнча жетектөөчү адиси Э.Эшмамбетов түнкү чыракка тиешелүү сметаны жана деффект актысын түзүү жана тендерге жарыялоого документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү фирмага которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |