Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 26
Казыбек, Жаңы-Күч айылдарына ветеринардык клиника куруу жөнүндө
Казыбек, Жаңы-Күч айылдарына эпизоотиялык абалды сактап туруу жана малдардын ылаңдарынын жугуу жолдоруна бөгөт коюу үчүн ветеринардык клиника салуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек, Жаңы-Күч айылдарына эпизоотиялык абалды сактап туруу жана малдардын ылаңдарынын жугуу жолдоруна бөгөт коюуга ветеринардык клиника салуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 400 000 (бир миллион төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ветеринардык клиниканы салуу үчүн дефект актысын, сметасын жана техникалык мүнөздөмөсүн түзүү жагы айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы жана ветеринардык маселе боюнча башкы адиси К.Болотакуновго милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү уткан фирмага которуп жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |